Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Жогорку Кеңеш демократия боюнча өнөктөш боло алдыбы?

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
659
Бельгия Королдугунун Федералдык парламентинин сенатору, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАСЕ) Кыргызстан боюнча докладчысы Ален Дестекс эки күндүк иш сапар менен жергебизге келди жана аны бүгүн, 8-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды.
Анын максаты – “Демократия боюнча өнөктөш” статусу боюнча Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүү.
Иш сапар алкагында ал Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан тышкары, парламенттик фракциялардын лидерлери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Кошумчаласак, ПАСЕнин “Демократия боюнча өнөктөш” статусу Жогорку Кеңешке 2014-жылы ыйгарылган. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча сенатор Ален Дестекс даярдаган докладга жараша ПАСЕ аталган статусту узартуу тууралуу чечим кабыл алат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.