Курс НБ на 27.01.2021 $84,8000 €103,0066

Жекшембидеги шайлоолор саясий маданияттын өсүп жаткандыгын далилдеди

Саясат
13 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
61
Эң башкысы жыл башындагы маанилүү саясий окуялар эч кандай экцесстер менен коштолгон жок.
Сыягы бул эки өлкөдө жашаган карапайым калктын башкы тилеги болду. Бул каалоону кубаттагандай Казакстанда 40 градуска жеткен аяздар артка чегинип, 10-январда аба ырайы мээримин төгүп, ызгаар 11 градуска чейин ылдыйлагандыгын белгилей кетели. Кыргызстанда да ушундай жагдай орун алды. Натыйжада, Казакстанда беш саясий партия катышкан шайлоодо “Нур-Отан” партиясы алдыга озуп чыкты. Аталган партияга, асыресе анын лидери, Елбасы Нурсултан Абишевич Назарбаевге карата элдин ишеними эң жогору экендиги айгинеленди. Ал эми Кыргызстанда 17 талапкердин арасынан Садыр Жапаров алдыга суурулуп чыкса, шайлоого катышкан кыргызстандыктар референдумда президенттик башкаруу үчүн добуш беришти.
Эки өлкөдө өткөн шайлоолорго эл аралык байкоочулар көз салып, алардын жүрүшүн чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери ар кыл өңүттөн чагылдырышты. Жалпы бүтүм – шайлоолор саясий маданияттын өсүп жаткандыгын далилдеди.
Казакстанда Мажилиске шайлоолордун жүрүшүнө мурда маалымдалгандай “Эркин Тоо” гезитинин өкүлү да баам салып келди. Кабарчыбыздын шайлоолордон алган таасирлери туурасында гезиттин жума күнкү санынан жана расмий сайттан тааныша аласыздар.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу