Курс НБ на 06.07.2020 $77,1102 €86,6140

Жашыл экономика форуму

Саясат
30 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
856
30-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасына өтүүсүнө көмөктөшүү аттуу Жашыл экономика форуму өткөрүлдү. Бул жолугушууга жашыл экономикага өтүүнүн зарылдыгын тааныган эксперттер, бизнесмендер, саясатчылар, мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду. Катышуучулар энергетика, жаратылышты пайдалануу жана инфратүзүм жаатында так сунуштарды беришти.
Форумда Кыргызстандын экономикалык өнүгүп-өсүүсүн айлана-чөйрө, энергетикалык коопсуздук жана социалдык жыргалчылык менен айкалыштырууга мүмкүндүк берген жашыл экономиканы жайылтуу чараларын ишке ашыруу үчүн Жашыл фонддун биздин өлкө үчүн каралган каражатынын каржылык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ал эми эл аралык жана улуттук эксперттер жашыл экономиканын өнүгүүсүнүн учурдагы абалы жана келечеги тууралуу өз көз караштарын билдиришти. Көйгөйлөр, жолтоо кылган тоскоолдуктар, мыйзамдык жана салыктык база тууралуу талкуулар да уюштурулду.
2016-жылдагы Жашыл экономика форумун уюштуруу мындан аркы экономикалык өнүгүү үчүн Өкмөткө көмөк көрсөтүүгө багытталган Кыргызстандагы “жашыл демилгенин” уландысы болуп саналат. Бул фактор дүйнө жүзү боюнча байкалып жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн жана экологиялык көйгөйлөрдүн мезгилинде  зор мааниге ээ, анткени бардык өлкөлөр жаратылышка ырааттуу жана аяр мамиле кылуу максатында улуттук өнүгүү программаларын кайрадан карап жатат. Мындан Кыргызстан да четте калбашы керек.
Форумдун уюштуруучулары Германия эл аралык кызматташтык коому, Юнисон Групп, Экономика министрлиги жана Соода өнөр-жай палатасы туура саясат жана талаптагыдай стратегия менен жашыл экономикага өтүү социалдык жана экологиялык көз караштар боюнча көп жагынан утушка алып келээрине терең ишенимин билдирет.
Сымбат Максутова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.