Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Өзбекстанга кыргыз жарандарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдонот

Саясат
07 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
707

Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Өзбекстан тарап теле жана радио берүү станциясынын төрт кызматкерин дагы эле Наманган райондук ички иштер башкармалыгы кармап турганын жана аларга жиберилген адвокаттарды өзбек тарап жолотпой жатканын билдирди.  Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш  Өзбекстандын Олий Мажлисине, Кыргызстандын төрт жаранын бошотуп, кайтарып берүү боюнча кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев билдирди. Фракция Үнкүр-Тоо маселесинин айланасындагы абалды жабык эшик артында талкуулап, бул багытта өкмөттүн көрүп жаткан аракеттери боюнча маалымат алды.

Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.