Курс НБ на 26.01.2020 $69,8443 €77,1640

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев биринчи расмий визитин Москвадан баштайт

Саясат
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
360
Өзбекстандын жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев өзүнүн биринчи расмий визитин Россияга жасайт, деп билдирди Известия” гезитине Өзбекстандын өкмөтүндөгү жогорку кызматтагы булак. Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дагы Кремлде Өзбекстандын лидеринин бул ниетин оң баалай тургандыгын билдирип, “Визиттин болушун күтөбүз” деп айтты.
“Өзбекстандын ведомстволору Шавкат Мирзиёевдин Россияга жасоочу расмий визитине даярдык көрүүнү башташты. Ар түрдүү министрликтер президент үчүн аналитикалык материалдарды даярдоону башташты. Инаугурация жаңы жылга чейин өтөт, а визит келерки жылдын кышында же жазында болот”, - деп айтты Өзбекстандын өкмөтүндөгү ишенимдүү булак.
  Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.