Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Өзбекстанда президенттик шайлоого 4 күн калды

Саясат
30 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
369
“Өзбек коомчулугу болжолдуу болочок президент Мирзиёевден олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүп жатат”, - дейт “Ахбор” басылмасына берген маегинде өзбек саясат таануучусу Камолиддин Раббимов.
Айтымында, өзбекстандыктар үчүн Каримовдун өлүмү күтүүсүз болду. Эл анын 2020-жылы мөөнөтү бүткүчө бийлик жүргүзөт деген ишеничте эле. Өлкөнү 27 жыл башкарган Каримовдун бийликтен башкача кетиши мүмкүн эмес болгон. Анын тушунда “мураскор” жана “болочок президент” деген сөздөрдү оозанууга тыюу салынган. Ошондуктан, мамлекет менен коом бири-бирине ишенбей калгыдай жагдай жаралган. Бул адат Мирзиёев бийликке келгенден кийин да 2-3 ай сакталары шексиз. Анткени, коомчулук жаңы бийликтен Каримовдун системасын улантуучуларды гана көрүп турат. Бирок, Каримовго караганда Мирзиёевдин башкаруусу ыкчам жана салыштырмалуу ачык болот. Шавкат Мирзиёевдин коомдогу олуттуу проблемаларды чечүүсүнө бир топ убакыт талап кылынат. Ошого карабастан, ал озунуп иштеп, Өзбекстанды негизи адам капиталына таянган саясий жана экономикалык моделге өткөрүүсү зарыл. Ансыз 32 млн калкы бар Өзбекстанды жакынкы 20-30 жылда коллапс күтүп турат, - дейт Комолиддин Раббимов.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.