Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Өзбекстанда өлкө президентинин милдетин аткаруучу дайындалды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
552

Өзбекстандын парламенти 2003-жылдын декабрь айынан бери премьер-министрлик кызматты аткарып келген Шавкат Мирзиёевди Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындады. Ал Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу боюнча комиссияны жетектеген.
Мирзиёев Шавкат Миромонович 1957-жылдын 24-июлунда Өзбекстандын Жызак облусундагы Заамин районунда туулган. Бирок, билгендер анын ата-энеси Тажикстандын Ганчин районундагы Яхтан деп аталган өзбек айылынан деп айтышат. 1981-жылы Ташкент ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн – кесиби инженер механик. Техника илимдеринин кандидаты. 1996-2001-жылдары Жызак облусунун, 2001-2003-жылдары Самарканд облусунун хакими болуп иштеген.

Эксперттердин айтымында, Өзбекстандын кийинки Президенти Шавкат Мирзиёев болуп калышы толук ыктымал. Шайлоо үч айдан кийин өткөрүлөт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.