Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Өзбекстан Кыргызстан аймагында тик учакта өтүүгө уруксат сурады

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
471

Өзбекстандын Чек ара иштери боюнча өкүлдөрү бүгүн Кыргызстанга кайрылып, Сох анклавына тик учакта өтүүгө уруксат сурады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Өзбек тарап кабарлагандай, алардын аскер кызматкери Сох анклавында автокырсыкка кабылган. Аны Өзбекстандын негизги аймагына алып кетүү үчүн Кыргызстан аркылуу тик учакта өтүү керек. Кыргызстан коңшулардын суранычына макулдук берди.

Өзбекстандын Сох анклавы Кыргызстандын ичинде жайгашкан.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.