Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Өзбек парламенти Мирзиеёв сунуштаган мунапыс тууралуу мыйзамды жактырды

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
414

Өзбекстан парламенти 8-декабрда белгиленчү Конституция күнүнө карата мунапыс тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Абактагыларга мунапыс аркылуу азаттык берүүнү президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёев сунуштаган. Өзбекстанда мыйзам парламент жактагандан кийин дароо күчүнө кирет.

Мунапыс анча оор кылмыш жасабаган аялдарга, өспүрүмдөргө, жаш курагы 60тан ашкан эркек жарандарга, майыптарга жана чет элдиктерге берилет.

Боштондукка чыга тургандардын так саны азырынча жарыялана элек.

Адатта мындай мунапыс Өзбекстанда 8-декабрга жакын берилчү. Андыктан бул жолу бошотуу тууралуу мыйзам эртелей кабыл алынып жатышын айрым серепчилер Мирзиёевдин президенттик шайлоого даярдыгы деп баалоодо.

Мурдагы президент Ислам Каримов каза болгондон кийин өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.