Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Өзбек милициясы кыргызстандык төрт жаранды бошотту

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
522
Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодон кармап кеткен кыргызстандык төрт жаран бошотулду. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Ала-Бука районундагы Баймак аймагында жолугушкан. Эки тараптын жолугушуу курамында чек ара кызматынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болгон. Жыйынтыгында буга чейин кармалып турган жарандар Кыргызстанга өткөрүлүп
берилип, жарандар үйлөрүнө келишкен. Эске салсак, 22-августта такталбаган чек арага Өзбекстандын тик учагы келип конуп, 24-мартта Үңкүр-Тоодогу телемунаранын кызматкерлерин Өзбекстандын Жаңы-Коргон РИИБне алып кетишкен.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.