Курс НБ на 03.06.2020 $73,4726 €82,3665

Запаска бошотуу, жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат

Саясат
12 - Май 2020
Эркин Тоо
53

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда аскерге чакыруу жана кызмат өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу иши жандандырылат. Эске салсак, 6-апрелде президент Жээнбеков өлкөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу аскерге чакырууну жана запаска бошотууну убактылуу токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон болчу. Чечим айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө абал киргизилгендиктен жана армияда илдеттин жайылышын алдын алуу максатында кабыл алынган.Жээнбеков “Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө, аскердик түзүмдөрдө, мыйзамда аскердик кызмат катары эсептелген мамлекеттик органдарда жана альтернативдик кызматын өтөп бүткөндөрдү запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын март-май айларында милдеттүү кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө” 2020-жылдын 18-февралындагы жарлыгын колдогон документке кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет,-делет президентти басма сөз кызматы тараткан маалыматта.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу