Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Янукович көрсөтмө берди

Саясат
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
352
Мурдагы украин президенти Виктор Янукович Киевдеги соттук териштирүүдө видео байланыш аркылуу көрсөтмө берип, дээрлик үч жыл мурдагы “Евромайдан” окуяларында демонстранттарды атууга буйрук бербегенин билдирди. Бул соттук процессте 2014-жылы демонстранттарга ок чыгарды деп айыпталган “Беркут” атайын бөлүгүнүн беш кызматкеринин иши каралып жатат.
Мурдагы президент Виктор Янукович мамлекеттик чыккынчылык жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү боюнча шектелүүдө. Украинанын Башкы прокуратурасы билдиргендей, Янукович Орусия президенти Владимир Путинге Украинанын аймагына орусиялык аскерлерди киргизүү боюнча арыз берген. Өлкөнү бүлүндүрө турган иш-аракеттерге шыкакчы болгон. Видео байланыш аркылуу көрсөтмө берген Янукович укук коргоо органдары өз режиминде иштегенин айтты. Мурдагы президент жалпы жонунан 10 иш боюнча шектелүүдө. 2013-жылдын соңунда башталган “Евромайдан” демонстрациялары маалында жүздөн ашык адам окко учкан. Бул окуялардан кийин Янукович Орусияга качууга аргасыз болгон. Ал “Евромайдан” окуяларынан бери биринчи жолу сотто көрсөтмө берди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.