Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Владимир Путин дүйнөдөгү таасирлүү адамдардын тизмесинде 30-орунда

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
418
Bloomberg агенттиги Орусиянын Президенти Владимир Путинди дүйнөлүк финансы тармагындагы эң таасирдүү делген 50 адамдын тизмесинде 30-катарга койду. 1-орунда Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, 2-орунду миллиардер Дональд Трамп менен Хиллари Клинтон бөлүштү.
Агенттиктин аныктамасында Путиндин атын укканда дүйнөлүк мунай рыногун кадимкидей эле калтырак басат. Ал турсун АКШда президенттик шайлоо алдында Путин дагы кандай сюрприздерди даярдап жатат деп чоочулап турган чак.
Ал эми британ премьери Тереза Мэйдин биринчи орунга коюлушун Европанын финансы борбору Лондон Сити анын колунда экендиги менен түшүндүрүүгө болот.
Кытай лидери Си Цзиньпин 4-орунга илинди. Ангела Меркель алтынчы, 7-8 орундар Европалык борбордук банктын башчысы Марио Драги менен Федералдык резервдик системанын жетекчиси Джанет Йелленге ыйгарылды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.