Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Женевада аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртууга багытталган кеңешмеге катышууда

Саясат
31 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
26

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Пекин декларациясын жана Бириккен Улуттук Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын (БУУ ЕЭК) аймагы үчүн Пекин аракеттер платформасын талдоо боюнча Аймактык кеңешмеге катышууда. Иш-чара 2019-жылдын 29-30-октябрында Женевада өтүп жатат.

Кеңешменин биринчи күнүн 2019-жылдын 29-октябрында бул аймактык жолугушуунун тең төрайымы болуп шайланган вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ачты.

Вице-премьер-министр гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү негизги тенденциялар маселелери сүйлөгөн сөзүндө 2019-жылдын сентябрында Бишкек шаарында өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн субрегионалдык жолугушуусунун жыйынтыгын тааныштырды.

БУУ ЕЭК 56 өлкөсүнүн делегаттары, эл аралык уюмдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн адилет коомду түзүү боюнча ишмердүүлүгү, айымдардын ишкерлигин өнүктүрүү, аялдардын жана кыздардын билим алуусун жана саламаттыгын, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө гендердик теңчиликти камсыздоо, бирдей эмгек акы төлөө жана аялдарга карата зордук көрсөтүүгө жана басмырлоого каршы күрөшүү жаатындагы республиканын жетишкендиктери менен таанышышты.

Кеңешменин биринчи күнүнүн жыйынтыгында БУУ-аялдар Түзүмүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова  этно-композицияларын тартуулады.

2019-жылдын 30-октябрында сессиялардын катышуучулары климаттын өзгөрүүсүнө, глобалдык максаттардын өз ара байланышына жана Пекин декларациясынын милдеттемелерине, ошондой эле саясатта аялдардын өкүлчүлүгүндө жана чечимдерди кабыл алууда туруктуулукту жогорулатуу үчүн аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу