Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Ушул жумадан тарта Кытай элчилиги кыргызстандык жарандарга жумасына 50дөн кем эмес виза берүүнү баштайт

Саясат
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
398
Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда Өкмөттүн кезектеги жыйынында өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.
Айтымында, визаларды мурдагыдай толук кандуу берүү жаңы жылдан кийин калыбына келтирилет.
Виза берүүнүн убактылуу токтотулушуна быйыл 30-августта Бишкекте Кытай элчилигиндеги жардыруу себеп болгондугун эске сала кетели.
Бул Кытайда окуган жана жайында каникулга келген кыргыз студенттеринин нааразылыгын жараткан. Кийинчерээк эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери бул маселени оң жагына чечкен.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.