Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Түштүк Кореянын Президенти Пак Кын Хе отставкага кетүүгө даяр

Саясат
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
543
Ал элге карата телекайрылуусунда: “Менин мындан аркы тагдырымды парламент чечиши керек. Зарыл болсо 2018-жылы президенттик мөөнөтүмдүн аякташын күтпөй эле отставекага кетемин” деп айткандыгын Би-Би-Си маалымдады.
Эске салсак, 20-ноябрда прокуратура президенттин курбусу Чхве Сун Силдин иши боюнча териштирүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктарын ачыкка чыгарган жана ага, ошондой эле президенттик администрациянын мурдагы эки кызматкерине коррупциялык аракеттер боюнча айыптар коюлган. Алар Чхве Сун Силге караштуу фондуларга түштүк кореялык 50дөн ашык компанияларды он миллиондогон долларларды которуп берүүгө мажбурлашкан. Бул кылмыштуу аракеттер тууралуу президент Пак Кыпн Хе билген.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.