Курс НБ на 26.01.2020 $69,8443 €77,1640

Түркияны ШКУга кабыл алуу маселеси кылдат ойлонууну талап кылат

Саясат
23 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
418
53-жылдан бери Евросоюздун босогосун сагалаган Түркиянын чыдамы түгөндү. Президент Эрдоган ШКУга мүчө болууга ниеттенип жаткандыгын ачык билдирди. Бул маселени ал президенттер Путин жана Назарбаев менен талкуулагандыгын да айтып жатат.
Чынында Түркияга Евросоюздан эч пайда жок экендиги айкын болуп калды. Алар түрктөрдү өз катарына кошоору да арсар. Европарламентте да Түркияны шериктештикке кошуп алуу темасын жабууну жактагандар көп болууда. Бирок, алар ошол эле учурда Түркиянын ШКУга кошулушуна, Орусия менен Кытай тарапка ыктап кетишине караманча каршы.
Ал эми Түркиянын ШКУга кошулсак деген ниети боюнча уюмдун башкы катчысы Рашид Алимов “ШКУ тез арада катарын кеңейтүү максатын көздөбөйт” деп айтты.
“Биз шашылбайбыз. Азыр уюмга кошулууну каалаган Индия жана Пакистан менен маселени иликтеп жатабыз. Буларды бүткөрүп алсак, уюмдун иши кандай болорун байкаштырабыз. Биздин өзүбүздүн программабыз бар”, - деди Алимов. Айтымында, уюмга кошулабыз дегендер жетиштүү. Маселен, Израиль, Египет, Сирия, Украина, ал турсун Мальдив жана башкаларадан да өтүнүчтөр бар.
Эске салсак, 2001-жылы түзүлгөн ШКУга Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп саналат. 2015-жылдан бери Индия менен Пакистанды кабыл алуу маселеси каралууда. Армения, Азербайжан, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка диалог боюнча уюмдун өнөктөштөрү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.