Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Түркиядагы терактта кыргызстандыктардын бар же жок экендиги такталууда

Саясат
24 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
411
Түркиянын Адана шаарында болгон теракттан жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар же жок экендиги такталууда. Мындай маалыматты Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматтарга караганда, бүгүн Адана шаарынын мэриясынын алдында жардыруу болгон. Жардыруу автомобилдерди токтотуучу жайда болуп,  эки киши каза таап, он алты адам жаракат алган. Шаар мэриясынын маалыматына караганда, жардыруу  Мехмет Нури Сабунжу көчөсүндөгү автопаркта орун алып,  атайын жардыргыч зат орнотулган унааны коюп кетишкен. Жардыруу эртең менен адамдар жумушка кетип бара жаткан учурга атайын болжолдонгон. Шаардын мэри Махмуд Демирташтын айтымына караганда, жардырууда мэриянын  имараты жана анын кызматкерлери көп жабыркаган. Жардырууну  аял киши ишке ашырышы мүмкүн деген маалыматтар айтылууда.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.