Курс НБ на 26.09.2020 $79,4998 €92,6530

Түркия Евросозга 53 жылдан бери мүчө боло албай келет

Саясат
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
438
Өзбекстанга расмий сапарынан кайтып баратып журналисттердин суроолоруна жооп кайтарган президент Режеп Тайип Эрдоган Түркия мамлекети Евросоюздун ордуна Шанхай Кызматташуу Уюмуна мүчө болушу мүмкүн деген оюн билдирди.
Эрдоган: “Түркия бир эле уюмга жармаша бербеши керек”, - деди жана бул тема боюнча Орусиянын, ошондой эле Казакстандын президенттери менен сүйлөшкөндүгүн, ШКУга азыр Өзбекстан, Пакистан жана Индия кошулгандыгын, Иран ниеттенип жаткандыгын кошумчалады. “ЕС 53 жылдан бери бизди сүйрөп келатат. Алгачкы жылдары биздин премьер-министрди ЕСтин саммитине чакырып турушчу эле, азыр аны да унутушту,” – деп Эрдоган нааразы болду.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.