Курс НБ на 01.10.2020 $79,6000 €93,1957

Трамптын штабынан Обаманын жарлыктарынын 70%га чейинкисин жокко чыгарууну абада кылышты

Саясат
26 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
461
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 20-январдагы инаугурациясынан кийин Барак Обама тарабынан кол коюлган жарлыктардын 70%га чейинкисин жокко чыгарат. Бул тууралуу Fox News телеканалынын телеэфиринде  республикачылардын эң жакын ишенимдүү адамдарынын биринен болуп эсептелген Конгресстин өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Ньют Гингрич маалымдады.
“Мен президент Обама үйлөтүлгөн куурчактай болгон, ар кайсы жерлеринен жел чыгып жаткан мурастары акырындык менен бошоп баратканын түшүнө баштады деп ойлоймун. Анын жарлыктарынын 60%ы же 70%ы Трамп тарабынан жокко чыгарылат”, - деди Гингрич.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.