Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Таластык Бакытжан Сагынтаев Казакстандын Өкмөт башчысынын милдетин аткарууга киришти

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
591
Кечээ, 8-сентябрда Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев өлкөнүн премьер-министри Карим Масимовду экинчи ирет кызматынан бошотуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кылып дайындады.
Ал эми Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Бакытжан Сагынтаевге тапшырылды. Эксперттердин баамында Сагынтаев Президенттин тилинен чыкпаган адам, бирок анын Премьер-министр болуп калуусу арсар. Масимов да жаңы кызматында узакка кармалбайт. Сыягы Казакстан саясий сезонго жаңыланган курам менен киришүүнү максат кылып жаткандай.
Бакыт Сагынтаев 1963-жылы 13-октябрда Жамбыл облусунун Талас районуна караштуу Үч-Арал айылында туулган. Экономика илимдеринин кандидаты.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.