Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

Сооронбай Жээнбеков: ЖЖТ+ (ВСП+) макамынын алкагында продукциясы тышкы рыноктордо талап кылына турган Кыргызстандын ишканаларынын тизмеси даярдалды

Саясат
01 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
458
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарылган Жеңилдиктердин жалпы тутуму макамын атамекендик продукцияны европалык өлкөлөргө экспорттоону өнүктүрүү жана колдоого алуу үчүн пайдаланууга ниеттенүүдө. Биз тараптан продукциясы тышкы рыноктордо, анын ичинде Жалпы жеңилдиктер тутумунун алкагында (ЖЖТ+) талап кылына турган Кыргызстандын ишканаларынын тизмеси даярдалды. Аталган ишканаларга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт»,  – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун экинчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, Кыргыз Республикасына Европалык биримдик тарабынан ыйгарылган ЖЖТ+ макамы өлкөнүн экспортун өнүктүрүү үчүн стимул болуп берет. Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев кошумчалагандай, ЖЖТ+ макамын атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукциясын тышка чыгаруу үчүн пайдалануу пландаштырылууда.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.