Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Секимов шапалак жегендердин катарын толуктады

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
385
Акыркы мезгилде Өкмөт башчысынан шапалак жеп, сөгүш алган мамлекеттик чиновниктердин саны арбып баратат. Алардын катарын кечээ өлкөбүздүн маданият, маалымат жана туризм министринин статс-катчысы Бактыбек Секимов толуктады.
Ага «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Маданият, искусство жана маалымат мекеме кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө маселеси жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыяланды.
Мамлекеттик кызматтын экинчи класстагы кеңешчиси деген даражасы бар Бактыбек Секимов бул кызматка 2015-жылдын март айында дайындалган. Буга чейин ал ТИМде, өкмөттүн жана президенттин аппаратында, Коопсуздук кеңештин катчылыгында иштеген. 2012-2015-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы да болуп иштегени белгилүү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.