Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Саакашвилиде парламенттик шайлоодон үмүтү зор

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
387
Грузиянын 150 орундуу, бир палаталуу парламентине 8-октябрда шайлоо өткөрүлөт. Мына ушул шайлоого байланыштуу Михаил Саакашвили Грузияга кайтып барам деп жатат. Бул ниети туурасында ал Нью-Йоркто жүрүп билдирди.
Ал азыркы бийликтер камакка алышат деп коркпойм деп айтты. Экс-президент Грузияда өтүүчү парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын коргоп калгысы келет. Анткени, парламенттик шайлоого катышуу үчүн  37 партия каттодон өткөн.
Ал эми Грузиянын азыркы президенти Бидзина Иванишвили “абактан ага жайлуу камера даярдап койдук, Саакашвили келери менен камакка алынат” деп билдирди. Эске салсак, Саакашвилиге кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.