Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

“Үркүн” окуясына арналган эстелик ачылды

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
535

Бишкектин  «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясына арналган эстелик ачылды. Эстелик президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгына ылайык жүргүзүлгөн. Эстеликти тургузууга сынак жарыяланып скульпторлор Огонбаев жана Ажиевдин эмгектерин тандап алышкан. Эстеликтин ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышып, муфтий Үркүн курмандыктарына багыштап куран окуду. “Үркүн” окуясына арналган эстеликте  ошол кездеги ата-бабалар кабылган оор күндөр  чагылдырылган.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу