Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Референдум тууралуу мыйзамдын долбоору биринчи окууда жактырылды

Саясат
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
423
Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча 4-декабрга референдум дайындоо жөнүндө мыйзамдын долбоорун биринчи окууда жактырышты.
Референдумга Баш мыйзамдын бир нече беренелерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр сунушталат. Аларга ылайык, премьер-министр жана анын орун басарлары депутаттык мандаттарын сактай алышат, соттор кат жазышуунун купуялыгынан баш тартышат, никелешүү аял менен эркектин ортосунда гана болот, Кумтөрдү иштеттүүдө жасалган кылмыштар үчүн жаза мөөнөтү өттү деген түшүнүк жокко чыгарылат. Өкмөт отставкага кетсе, парламент спикери да кызматынан кетет. Мыйзам долбоору үчүн бүгүнкү жыйынга катышкан 105 депутаттын 94ү “макул” деп добуш беришти. Жыйындын жүрүшү бүгүн кечинде КТРКнын эфири аркылуу толугу менен көрсөтүлөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.