Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Путин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады

Саясат
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
435
Орусия президенти Владимир Путин өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады. Акыркы маалыматтар боюнча башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясы мыйзам чыгаруу органындагы көпчүлүк орунун сактап калууда. Путин болжолдуу жыйынтыктарды ишеним көрсөтүү катары эсептей турганын билдирди. Бюллетендердин эсептелип бүткөн 15 пайызынын жыйынтыктары боюнча «Бирдиктүү Орусия» парламенттеги көпчүлүк орунга — 50 пайызга ээ болду. Андан сырткары, дагы үч партия Мамлекеттик Думадагы орундарын сактап калышты: экинчи орунда – Либералдык-демократиялык партия, анын аркасында коммунисттер менен “Адилеттүү Орусия” келе жатат.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.