Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Путин: «Карьерамды ийгиликтүү аяктоону каалайм"

Саясат
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
396
Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 5-декабрда Челябинскидеги «Этерно» өнөр жай ишканасынын жумушчулары менен жолугушууда билдирди. Андан тышкары ал  Президенттик кызматтан кеткенден кийин саякаттоо тууралуу кыялы бар экенин айтты.
- Азыр менин саякаттарымдын баары тең аба майданга, андан кайсыл бир мекемеге барып кайра аба майданга кайтып келүү менен гана чектелип жатат. Албетте, башкача саякатты, жаратылышты, кайсыл бир тарыхый ажайып жайларды кыдырып чыгууну каалайм, – деген Путин. Путиндин бийликтеги мөөнөтү 2018-жылы аяктайт. Ал  Bloomberg агенттигине курган маегинде болочоктогу президент жаш жана кыраакы болушу керек деп айтканы бар.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.