Курс НБ на 04.12.2020 $84,8000 €103,1253

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту

Саясат
11 - Май 2020
www.erkintoo.kg
128

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өлкө Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча учурдагы кырдаал, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн жандандыруу боюнча чаралар, постпандемия мезгилине карата артыкчылыктуу милдеттер жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элдин мындан ары дагы санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди кармануусу жана өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө кырдаал режимин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке тартылган мамлекеттик органдардын экономикалык кесепеттерди жеңип чыгуу, илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иштери күчөтүлгөн тартипте улантылышы керектигин баса белгиледи.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.