Курс НБ на 17.11.2019 $69,8500 €76,9922

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Бакуга учуп кетти

Саясат
14 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
40
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.
ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.
Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун ТТМКК жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу