Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштады

Саясат
15 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
48

«Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштайм», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынында.

Мамлекет башчысы Кыргызстан түрк өлкөлөрүнөн келген өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экендигин баса белгиледи. 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатканын баса белгилеп, азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү багыт катары Түрк кеңешинин өлкөлөрүнүн жаштарынын ортосундагы боордош мамилелерди бекемдөөнү атап, бул келечекте Уюмдун туруктуу өнүгүшүнө татыктуу салым кошоруна ишенимин билдирди.

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу