Курс НБ на 04.12.2020 $84,8000 €103,1253

Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду

Саясат
15 - Май 2020
Эркин Тоо
139

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин „Баатыр эне“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин „Эне даңкы“ медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.