Курс НБ на 08.04.2020 $84,8713 €91,6016

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Саясат
27 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
350

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапары бүгүн, 27-февралда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу