Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Саясат
08 - Август 2019
www.erkintoo.kg
19

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта, КР Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. 
Мамлекет башчысы белгилегендей, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн. 

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет. Мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу