Курс НБ на 07.04.2020 $84,8713 €91,6016

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат
13 - Март 2020
www.erkintoo.kg
143

Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.

Катар Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылыгын айтып өттү.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу