Курс НБ на 04.06.2020 $73,9200 €82,8348

Президент Сооронбай Жээнбеков балдарды социалдык жактан коргоо боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

Саясат
23 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
96

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  22-январда, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды.

2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында артыкчылыктуу тартипте эки багытка — социалдык кызматтарды көрсөтүү ишин автоматташтырууга жана үй-бүлө институтун колдоого багытталган балдарды жана балалыкты социалдык жактан натыйжалуу коргоону камсыздоого көңүл бурулушу керектигин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы социалдык жактан коргоого алынбаган категориядагы жарандар, татаал турмуштук жагдайга кабылган балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоонун жаңы механизмдерин жана ыкмаларын иштеп чыгуунун зарылдыгына көңүл бурду. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу жана балдарды асыроонун максималдуу ачыктыгын камсыз кылуунун маанисин белгиледи.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров калкты жана эмгек тармагын социалдык коргоо системасын санариптештирүү, балдарды, анын ичинде коомдун социалдык-аярлуу катмарларын колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында бардык системаны санариптештирүү боюнча жумаш улантылып жатканын билдирди.

Бүгүнкү күндө Министрликте эки автоматташтырылган база — «Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы» (СЖКМС) жана «Эмгек рыногунун маалыматтык системасы» (ЭРМС) толук кандуу иштеп жатат.

Процесстерди автоматташтыруу жөлөк пулдарды чектөөдө механикалык каталардын кетишин жокко чыгарып, коррупциялык коркунучтарды азайтып, эки жолу төлөм жүргүзүү мүмкүндүгүн жоюуга жол берерин белгиледи.

Министр бул чара социалдык жардамды төлөөгө дарексиз жолдонуп жаткан 1 млрд сом бюджеттик каражаттарды үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бергенин баса белгиледи. Мындан тышкары, балдар жөлөк пулдарын алуучулардын санын 60 миңге көбөйтүүгө жана каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана санын көбөйтүүгө мүмкүн болгон.

Бүгүнкү күндө Министрлик «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына толугу менен кошулуп, натыйжада 2019-жылдын аягында электрондук форматта 860 миңден ашуун справкалар жана маалыматтар алынган. «Түндүк» системасына 2019-жылдын июлунда кошулуу учурунда бул көрсөткүч 23 миң справкаларды жана маалыматтарды түзгөн эле.

Муну менен бирге бала төрөлгөндө бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун берүү процедурасы жеңилдетилип, толугу менен автоматташтырылган, ашыкча бюрократия жокко чыгарылган. Бүгүнкү күндө жөлөкпулдун мындай түрү «бирдиктүү терезе» принциби менен берилүүдө — бала төрөлгөндө электрондук арыз толтурулуп, эки иш күндүн ичинде «Балага сүйүнчү» төлөнүп берилет.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри татаал турмуштук жагдайга кабылган балдардын автоматташтырылган базасы иштелип чыкканын кошумчалады. Учурда өлкөнүн 5 районунда бул система пилоттук негизде иштеп жатат. Ага тиешелүү мамлекеттик органдар кошулат жаа бул пайда болуучу суроолорго боюнча ыкчам реакция кылып, чечим кабыл алууга мүмкүндүк түзөт. Улукбек Кочкоров балдардын автоматташтырылган маалыматтык базасы 2020-жылдын март айында толук кандуу ишке кириши күтүлүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын кубаттап, жарандардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын төмөндөтүү үчүн калкка электрондук форматта социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана зарыл справкалардын санын мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.