Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

​Президент болуу ниетин билдиргендерди каттоо аяктады

Саясат
25 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
93
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаганын бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы  билдирди.  БШК учурда  47 адам өлкө башчысы болууга талапкер экендигин да кошумчалады.  Жалпысынан 65 арыз түшкөн, Бирок, талапкер болууну каалаган тогуз адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана үч адамдын соттуулугу жоюла электигие байланыштуу 19-ноябрда Боршайком алардын (12 адамдын) документтерин кайра кайтарып берген. Мындан тышкары, алты адам шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тартты. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата талапкер болуп катталууну каалагандардын саны 47 адамды түзүүдө.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу