Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилинин күнү менен куттуктоосу

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
708
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын көз карандысыздыгына карай жол эне тилибизди жоголуудан сактап калуу кыймылынан башталганы белгилүү. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын аягында ал кыймыл зор коомдук күчкө өсүп жетип, кыргыз тилинин мамлекеттик даражасын мыйзам түрүндө бекитүүгө жетишкен.
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасында кыргыз тилинин өлкөбүздө бириктирүүчү ролу баса белгиленген. Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн, анын ичинде ал эне тили болуп эсептелбеген жарандар арасында кеңейтүү аракети өз жемишин берип жатат – дээрлик бардык мамлекеттик мекемелерде кыргыз тили негизги ролду аткара баштады, Манастын тилин үйрөнүүгө далалат кылган башка улуттагы мекендештер саны көбөйүп баратат.
Кийинки кезде ата-бабалар мурасына кызыгуунун артышы, руханий жана маданий булактарыбызга кайтып жатканыбыз Эне тилибиздин да мартабасын арттырды. Натыйжада кыргыз тилинин түгөнгүс байлыгын жана кудуретин ача алдык. Биз коомдук турмуштун бардык чөйрөсүндөгү кубулуштарды, илимдердин бардык тармагын чагылдырууга кыргыз тилинин кудурети жетпейт деген көз караштын туура эместигин далилдедик – саясый, юридикалык, аскерий, медициналык, кыскасы, дээрлик бардык тармактар боюнча сөздүктөрдүн чыгып жатканы, Википедия баш болуп, социалдык бардык түйүндөрдөн кыргызча адабияттардын, макалалардын кеӊири орун таап жатканы буга далил. Чынында эле “Манас” эпосундай мухитти жараткан тилдин келечеги кеӊ.
Ошону менен катар кыргыз тилинин өнүгүшүнө, анын бардык күч-кудуретин туура колдонуп жана арттырууга бүт баарыбыз – мамлекет, коомчулук, ар бир жаран жоопкер болууга тийишпиз. Анткени, азыр коомдук турмушта, мамлекеттик иштерде, айрыкча жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргыз тилинин жазуу жана сүйлөө эрежелерин бузуулар, тил байлыгынын чектелүү гана бөлүгүн колдонуп жатканыбыз тууралу адилет сындар айтылууда.
Ошону менен катар ааламдашуу доорунда Кыргызстанда көп тилдүүлүктү да өнүктүрүү зарылдыгы бар жана мамлекет жакынкы келечекте ар бир жараныбыздын үч тил билүүсүн камсыз кылуу максатын көздөйт. Бул максатты ишке ашырууда кыргыз тили данакердик милдетти аткарууга тийиш.
Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлайлы, ошондо гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.