Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Президент Алмазбек Атамбаев туулган күнүндө Александр Невский ордени менен сыйланды

Саясат
19 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
482
Өткөн жума күнү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында аяктаган юбилейлик саммиттин катышуучулары жыйындын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти.

Бул албетте, 2016-жылы уюмга төрагалык кылган Кыргызстандын жетекчилигинин ишмердигине берилген татыктуу баа болду. Мына ушундай жагымдуу маанай 17-сентябрда Президент Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык юбилейи менен коштолуп, бул күнү маараке ээси бир катар мамлекеттердин башчыларынан куттуктоо телеграммаларын алды.

Алмазбек Шаршеновичтин туулган күнүнө байланыштуу биринчилерден болуп жылуу каалоо тилегин Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев билдирди. Куттуктоо телеграммасын президенттер Эмомали Рахмон, Гурбангулы Бердымухамедов, Александр Лукашенко, Петр Порошенко, Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев, АКШнын Мамлекеттик катчысы Джон Керри, Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев жөнөтүшкөн. Ал эми Президент Владимир Путин юбилейге байланыштуу кесиптеши Алмазбек Атамбаевге өз колу менен Орусиянын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири – Александр Невский орденин тапшырды.

Кошумчаласак,17-сентябрь Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да туулган күнүн белгиледи. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен кызматташуусу жакшы нукта бараткан бул өлкөнүн Өкмөт башчысын туулган күнү менен куттуктоону унуткан жок. Ал Нарендра Модиге чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгилик, Индиянын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүну каалады.

 

 Атай АЛТЫМЫШЕВ



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.