Курс НБ на 06.07.2020 $77,1102 €86,6140

Президент Алмазбек АТАМБАЕВ: “Прокуратура кынтыксыз, таза орган болууга тийиш"

Саясат
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
445
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-ноябрда өлкөбүздүн прокуратура кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.
“Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылымында прокуратура калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолунан өттү. Акыркы жылдарда прокуратура органдарынын ишин өркүндөтүү үчүн көп иштер жасалды, жөнөкөй адамдардын укуктарын, мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер алгылыктуу болду, терроризмге, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Мамлекет аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү, укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдарды сактоо бөлүгүндө прокуратуранын ролун күчөтүүгө жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө барууда.
Мындай шарттарда прокуратура иш жүзүндө бүтүндөй укук коргоо системасынын ырааттуу ишин жана тазалыгын камсыз кылган эч кынтыксыз, таза орган болууга тийиш.
Прокуратура кызматкерлеринин калыстыгы жана объективдүүлүгү, компетенттүүлүгү жана өз милдеттерин так аткаруусу, кызматтык милдетке берилгендиги жана жеке тартиби бул иштин ийгилигинин чечүүчү факторлору болуп эсептелет. Сиздердин билимиңер, тажрыйбаңар жана тайманбастыгыңар биздин сүйүктүү Мекенибизге – Кыргызстанга кызмат кылууга, аны бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталарына терең ишенем”, - деген Мамлекет башчысы прокуратура кызматкерлерине ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.