Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Президент Алмазбек Атамбаев ПАСЕнин Кыргызстан боюнча эксперт-баяндамачысы Ален Дестексти кабыл алды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
595
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-сентябрда, Европа Кеңешинин Парламенттик  Ассамблеясынын Кыргыз Республикасы боюнча эксперт-баяндамачысы, Бельгия Королдугунун  Федералдык Парламентинин сенатору, Брюссель борбордук регионунун Парламенттериндеги жана  Француз коомунун депутаты Ален Дестексти кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстан жана Европа Кеңешинин Парламенттик  Ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды.
КР Жогорку Кеңешине берилген «Демократия боюнча өнөктөш» статусунун алкагында  өз ара аракеттенүүнүн оӊ жылыштары белгиленди жана Кыргызстан менен ПАСЕ ортосунда шайлоо системасын өркүндөтүү, демократияны жана укуктук мамлекетти бекемдөө боюнча мындан аркы кызматташтыктын багыттары каралды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.