Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
529
«Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Бул ыйык күнү бизге өмүр берген Жаратканга тобо кылып, шүгүрчүлүк келтирүү момун мусулмандын парзы. Майрамды жакындарыбыз менен бирге жаркын маанайда өткөрүп, колдоого муктаж жарандарыбызга көңүл бөлүп, маркумдарга куран окуп, дуба айталы.
Ислам динибиз ынсаптуу болууга, тынчтыкка, сабырдуулукка, ыймандуулукка үндөйт. Кудай берген өмүрдү кор кылбай, адал жана татыктуу жашап өтүү – ар бирибиздин милдетибиз.
Эгемен, демократиялык мамлекетибизде жарандарыбыздын дин тутуу эркиндиги толук камсыздалган. Ошондуктан, улуу Орозо жана Курман айттары мамлекеттик майрам болуп бекитилген.
Азыр дүйнөдө болуп жаткан терс көрүнүштөр бардыгыбызга тынчтык менен ынтымак өтө зарыл экендигин айгинелеп турат. Демек, ар бир жаран сабырдуулук менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш.
Бул күндөрү ыйык Мекке шаарында ажылык парзын аткарып жүргөн бир туугандарыбыздын ниеттери кабыл болсун, Мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин!
Кудай элибизге ынтымак, жергебизге береке берсин!
Айтыңар маарек болсун!».


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.