Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Президент Алмазбек Атамбаев Франциянын Кыргызстандагы Элчиси Стефан Катты «Данк» медалы менен сыйлады

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
527
 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-сентябрда өлкөдөгү дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан Француз Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Стефан Катты кабыл алды жана кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ага “Даңк” медалын тапшырды.
Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүдөгү анын жеке ролун жана эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи. Президент кийинки жылдары кыргыз-француз мамилелери кыйла активдешкенин жана Франция Европа бирлигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана маанилүү союздашы болуп калганын белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Стефан Каттын Кыргызстандагы ишмердиги өлкөдө демократиялык принциптерге негизделген жаңы саясий системаны бекемдөө,  коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө маанилүү өзгөрүүлөр мезгилине туш болду.
Мамлекет башчысы Элчи Стефан Каттка мындан аркы ийгиликтерди каалады жана Франция Президенти Франсуа Олландка салам жана жакшы тилектерин жолдоду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.