Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарынын Борбордук клиникалык ооруканасына келди

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
414
Адистердин сунушу жана россиялык тараптын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда мурда анын саламаттыгын изилдеген жана жүрөк оорусун дарылаган врачтарда дарылануусун улантуу үчүн Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Борбордук клиникалык ооруканага келди.
Москвага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу Клиникалык оорукананын башкы врачынын орунбасары, кардиолог Гүлмира Баитова да келди.
 Мурда кабарлангандай, 2016-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Стамбул шаарынын Ататүрк атындагы аэропортунда Мамлекет башчысы өзүн жаман сезип, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Медициналык изилдөө көкүрөгү ооруп жаткан Президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныктагандыктан, ага тез аранын ичинде медициналык толук текшерүүдөн өтүп, дарыгерлердин байкоосу алдында болуу сунуш кылынган.
Медициналык кароодон өтүү зарылчылыгынан улам Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 20-сентябрынан тартып кыска мөөнөткө өргүү алды.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.