Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Президент Алмазбек Атамбаев чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
450
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-сентябрда чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Жумушчу кеӊешмеде Мамлекет башчысы чек ара маселелерин чечүү, чек ара аймактарындагы тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана Үңкүр-Тоо тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу  боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралу маалыматтарды укту. 
Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик органдар чек ара маселелерин бир гана конструктивдүү сүйлөшүүлөр жолу менен, сөз жок өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына артыкчылык берип жана эл аралык укук ченемдерине ылайык чечүү багытын мындан ары да кармануу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы өлкөнүн тышкы чектерин бекемдөө жана мамлекеттин коргонуу жөндөмүн күчөтүү үчүн Куралдуу күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын жана  мобилдүүлүгүн андан ары арттыруу зарылдыгына токтолду.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.