Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө оң баасын берди

Саясат
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
480

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 11-октябрда, Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында  Жалал-Абад шаарындагы инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорлор менен Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов тааныштырды. Долбоорлордун катарында – тазалоочу жайларды модернизациялоо, тышкы жарыктандырууну жакшыртуу, калкты ичүүчү таза суу менен каисыздоо, парктарды жана эс алуу жайларын куруу, шаардын борбордук көчөлөрүн реконструкциялоо иштери бар.

Салайдин Авазов эстакадалык көпүрөнүн курулушу шаар ичинде унаа агымдарынын жеңилдетүүгө бир топ жардам берерин билдирди.

«Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган инфраструктуралык объекттердин саны былтыркыга салыштырмалуу үч эсеге өстү», – деди мэр Салайдин Авазов. Ошондой эле ал АӨБ, ЕРӨБ сыяктуу финансы институттары жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен да тыгыз иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Калаа башчысы кошумчалагандай, шаардагы борбордук стадионду реконструкциялоого тийиштүү бардык каражат иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Анын айтымында оңдоо иштеринин жалпы суммасы 10 млн сомду түзөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жүргүзүлүп жаткан иштерге оң баасын берип, Жалал-Абад шаарынын мэринин жергиликтүү бюджеттеги каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жаатындагы ишин башка муниципалдык тармактарга үлгү катары койду.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.