Курс НБ на 24.09.2020 $79,3499 €92,4942

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды

Саясат
28 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
484
Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков,  27-декабрда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Уран Ахметовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчыга ведомство ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат берилди.
Тактап айтканда, Уран Ахметов министрлик тараптан ченемдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, мыйзам чыгаруу пландары жана 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын  Калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.
Ошондой эле ал маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан 2016-жылдын 20-декабрында кол коюлган «Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык көмөк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында мамлекет тараптан кепилденген кесипкөй юридикалык көмөккө жеткиликтүү жактардын чөйрөсү кеңейтилген.
Буга байланыштуу Юстиция министрлиги тараптан учурда жогорку Мыйзамды ишке ашыруу максатында калкка юридикалык көмөк көрсөтүү үчүн юридикалык борборлорду түзүү боюнча иштер жүрүүдө.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков нормативдик-укуктук актыларды инвентаризациялоо, нотариат жана адвокатура тутумун өркүндөтүү боюнча ведомствонун ишин активдештирүүнү тапшырды.
Өкмөт башчы мамлекеттик адвокатураны күчтөндүрүү аркылуу жарандардын юридикалык жактан коргоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.