Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкө жарандары коомчулуктун ынтымагы менен биримдигин баарынан бийик коюшу керек

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
464

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда, Бишкек шаарындагы Эски аянтта өткөн майрамдык Айт-намазга катышты.

Өкмөт башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосун окуду.

Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзү кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

«Урматтуу мекендештер! Жараткан бизге жакшы күндөрдү энчи кылды. Жакында эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрдүк. Ушул жакшы окуяларга үзөӊгүлөш ыйык Курман айт майрамы да кирип келди. Муну Кудай Таала бизге жакшы күндөрдү ыроолоп, өлкөбүзгө кут түшүрдү», – деп белгиледи Өкмөт башчысы.

Премьер-министр, өлкө жарандары коомчулуктун ынтымагы менен биримдигин баарынан бийик коюшу керек экендигин баса белгиледи.

«Жараткан ар бир кыргызстандыктын жакшы тилектерин, асыл максаттарын, чалган курмандыгын кабыл кылсын, өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, тынчтыкты жана бакубатчылыкты насип кылсын. Ыйык Курман айт майрамыңыздар куттуу болсун!»,-деп куттуктады Сооронбай Жээнбеков.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.