Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана экономиканын отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты

Саясат
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
379

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана экономиканын отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү мындан ары карай дагы Өкмөт ишиндеги артыкчылыктуу багыттардан болуп кала берет, – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  20-сентябрда, «Газпром нефть Азия» компаниясынын 10 жылдык юбилейине карата өткөн салтанаттуу иш-чараныны жүрүшүндө. Бул максатта Өкмөт тарабынан түз инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштер улантылат.

Өкмөт башчы өз куттуктоо сөзүндө «Газпром нефть Азия» Кыргызстан жана Россиянын өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн мисалы болуп бере алаарын белгиледи. Ал эки өлкөнүн экономикалык интеграциясын чыңдоого салым кошуп Кыргызстанда иштеп жаткан россиялык ишканалардын салымы чоң экендигин белгиледи. Кыргызстан жана Россия ортосундагы салттуу болуп калган тыгыз жана достук кызматташтык эки тартаптуу жана көп тараптуу форматтарда өнүгүүдө.

«Бүгүн Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы аралык өз ара мамилелер жаңы деңгээлге чыккандыгын канагаттануу менен белгилегим келет. Россия Кыргызстандын экономика жаатында гана эмес, саясый-экономикалык, социалык-гуманитардык кызматташуусунун бардык багыттарында стратегиялык өнөгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү көп тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүү менен биздин байланыштарга дем берди», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр белгилегендей, корпоративдик башкаруунун жаңы стандартына, заманбап технологияларга жана жамааттын жогорку кесипкөйлүгүнө жараша «Газпром нефть Азия» компаниясы Кыргызстандын мунай продуктулар рыногунда алдыңкы оператор боло алды.

«Ишкердикти жүргүзүүдөгү ачыктыгы жана кардарларга карата кам көрүүсү өлкөдөгү жарандардын ишенимине ээ болуусун шарттады. Белгилей кетчү жагдай, компаниянын ишенимдүү иши анын баа саясатын кармап турушу республиканын отун рыногундагы стабилдүүлүккө чечүүчү таасирин тийгизүүдө», – деди Сооронбай Жээнбеков.  Ал компаниянын экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө жана социалдык тармакты өнүктүрүүдөгү кошуп жаткан салымына жогору баасын берип, коюлган тапшырмалары Өкмөттүн саясатынын артыкчылыктуу багыттарына дал келерин кошумчалады.

«Салыктык жана башка төлөмдөр аркылуу зор салымын кошуп келе жаткан  «Газпром нефть Азия» компаниясынын 10 жылдык жалпы ишмердүүлүгүнөн бюджетке  33 млрд сомду түшкөн. Компания бир нече жолу «Кыргыз Республикасынын эң мыкты салык төлөөчүсү» наамына татыктуу болгон.  Ал чындыгында мамлекеттин ишенимдүү өнөктөшү болуп саналат»,-деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.