Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун Миссиясынын башчысы Эдвард Джэмайэль менен жолугушту

Саясат
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
430
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 26-сентябрда, Эдвард Джэмайэль баштаган Эл аралык валюта фондунун миссиясынын делегациясы менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда 2015-2017-жылдарга кызматташтыктын келечеги жана  экономика жана  финансы боюнча Меморандумду ишке ашыруунун үчүнчү обзорунун жыйынтыгы талкууланды. 
Өкмөт башчы Кыргызстан менен Эл аралык валюта фондунун өз ара жогорку деңгээлдеги кызматташтыгына канааттангандыгын билдирип, Өкмөт экономикалык жана социалдык комплекстүү программаларды ишке ашырууну эл аралык валюта фондунун алкагындагы  макулдашуулардын негизинде улантарын билдирди. 
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн негизги келечектүү багыты бюджеттин тартыштыгынын деңгээлин азайтуу жана калктын астындагы бардык социалдык милдеттерди  аткаруу болуп саналат. 
Азыркы кезде келерки жылдын бюджетине чыгымдарды кыскартууга багытталган  өзгөртүүлөрдүн үстүндө иш жүргүзүлүүдө. Аталган өзгөртүүлөр Өкмөттүн жакынкы жыйынында каралат. 
Тараптар мындан тышкары өлкөнүн салык жана тарифтик саясатынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.